Пайдалуу кеңештер

Адам бир күндө канча басышы керек? Адистин түшүндүрмөсү

Күнүнө эң аз дегенде 4 миң кадам басуу ден соолукту бекем кармоого жетиштүү. Бул тууралуу диетолог жана эндокринолог Альбина Комиссарованын айтканына таянып «Известия» басылмасы жазды.

Адис Гарвард мектебинде жүргүзүлгөн изилдөөнү эске салып, ага 16 миң киши катышканын айтып берген. Натыйжада адам суткасына жок дегенде 4 миң кадам басса, жүрөк оорусун жана өлүм учурларын алдын ала турганы айтылган.

Диетолог күнүнө сөзсүз эле 10 миң кадам басуу зарыл эмес экендигин белгиледи. Бирок ошол эле учурда жок дегенде жарым саат кыймылда болуу, маселен, сейилдөө, велосипед тебүү, спорт же үй жыйноо керектигин кошумчалаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button