Кечээ, 22-июлда саат 21:20лар чамасында Бишкек – Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында Mitsubishi Pajero менен Honda Stepwgn унаалары кагышкан кагышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын абалдары оор экендиги айтылат.
Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын сөөгүн жана жабыркаганды унаадан чыгарышып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен.