Бензинди кантип үнөмдөсө болот. Адистин кеңеши

Дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдын баасы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп бара жатат. Мындан улам Россиянын автоунаа союзунун вице-президенти Антон Шапарин бензинди үнөмдөө ыкмаларын Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

“Биринчи лайфхак — автоунааны газга өткөрүү. Бензинге караганда метан менен пропан арзаныраак. Демек, бир нече убакыттан кийин автоунаага койдурган газ жабдуулары өзүн актайт”, — деди Шапарин.
Ал эми бензин менен эле жүрүүнү каалагандар автоунааны башкаруу манераларын өзгөртүшү зарыл.
“Тормозду чукул басып же ылдамдыкты улам алмаштырганда мотор көп май сарптайт. Узак жолго чыкканда бир ылдамдыкты кармап айдоого аракет кылуу керек. Баса, саатына 120 чакырымдан жогору ылдамдыкта дагы бензин көп коройт”, — деди адис.
Кыгызстанда башка өлкөлөр сыяктуу эле күйүүчү май былтыркы жылдын соңунан бери кымбаттап жатат. Июль айынын аягында Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы 6-10 пайызга кымбатташы ыктымалдыгын айткан. Буга өткөн айларда россиялык заводдордо бензиндин тоннасы 70 долларга, дизель майыныкы 60 долларга кымбаттаганы себеп болгон. Бул күйүүчү майдын бир литрине 5,5 жана 4,2 сомдон кошулат дегенди түшүндүрөт.