Жумгалда атасынан кордолгон 13 жаштагы кызга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Нарын облусунун Жумгал районунда атасынан кордук көргөн 13 жаштагы кызга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

“Психолог жашы жете элек кызды реабилитациялоого жардам берүүдө. Кыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча да чаралар көрүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун Жумгал районунда кызы менен жыныстык катнашка барган деп шектелген адам кармалган.