Жапаров Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо органдарынын жана кесиптик кошуундардын урматтуу кызматкерлери!

Чын жүрөктөн сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын.

Сиздер иштеген чөйрө – ар бир үй-бүлөнүн, ар бир баланын жана ар бир карыянын кызыкчылыктарына байланыштуу. Өз кызматыңарды сүйүп, ага берилип, башкалардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабай боорукерлик жана кайрымдуулук менен мамиле жасоо жөндөмүңүздүн аркасында сиздер бир топ ийгиликтерге жетишип, нечендеген адамдардын ажатын ачып келесиздер.

Калкты социалдык жактан коргоонун ролу жыл сайын жогорулоодо, ошондуктан Кыргыз Республикасында бул жааттагы саясатка көп көңүл бөлүнүп келет. Ушул маанилүү чөйрөнү өнүктүрүүдөгү жигердүү жылыштын анык далили катары жарандарды колдоо чараларынын кеңейип жаткандыгын атоого болот.

Ушул күндөрү өлкөбүздө калкты социалдык жактан коргоо системасы акырындык менен жаңыланып жатат. Бул тармакка заманбап технологиялар киргизилип, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү кеңейип, алардын сапаты жакшырууда. Кем-карч адамдар аларды ишке орноштуруу үчүн кызыктыруучу программаларга тартылып, майып кишилердин көйгөйлөрүн чечүүдө эл аралык талап-ченемдер киргизилүүдө. Социалдык коргоо чөйрөсүн санариптештирүү менен калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жакшырууда.

Миңдеген кыргызстандыктардын керегине жараган бул тармактын айкөл кызматкерлери өзүнүн асыл иштери, күжүрмөн эмгеги жана берилгендиги менен өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө олуттуу салым кошооруна терең ишенемин.

Ушул салтанаттуу күнү бай тажрыйбага ээ, жаш адистерге билими менен бөлүшкөн, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу каалоосу күч, ошондой эле бул жааттагы олуттуу маселелерди чечүүгө катышкан кесип ээлеринин баарына ыраазылык билдирем.

Балдарга кам көрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, карыяларды урматтоо – бул чыныгы маданияттуу коомдун пайдубалынын көөнөрбөс асыл-нарктары. Экономика жана маалыматтык технологиялар канчалык өнүкпөсүн, алар эч качан адамгерчиликти, жылуу мамилени, мээримдүүлүктү алмаштыра албайт. Тактап айтканда, ары ардактуу, ары асыл кесип ээлери болгон социалдык кызматкерлер да эч бир доордо жолдо калбайт.

Урматтуу социалдык кызматкерлер!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын. Ар бир аткан таң сиздерге кубаныч тартуулап, бакыт алып келсин! Ишиңиздерди ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн! Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубатчылык, ынтымак жана тынчтык каалаймын!».