Министр Азамат Жаманкулов нааразы болгон спортчуларга жооп берди

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин статусу департамент болуп көрсөтүлсө да штаты кыскартылбайт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов парламентте билдирди.

Анын айтымында, Конституция боюнча комитет менен агенттиктерди министрликтин алдында түзүү мүмкүн эмес, ал үчүн өкмөттүн алдында болушу керек. Андыктан департаментке айландыруу маселеси каралып жатат.

“Министрликтин алдындагы департамент болсо дагы спорт агенттигинин азыркы штаты кыскартылбайт. Толук курамы сакталып калат. Бирок биз учурда спорт министрликтин деңгээлинде экенин да унутпашыбыз керек”, — деди министр.

Ошондой эле Жаманкулов министрлер кабинетин реформалоодо спорт менен маданиятты бириктирүү чечими кабыл алынганын белгиледи.

“Убакыт көрсөтөт, азыр спорт менен маданияттын маселесин чечүүдө бардык аракетибизди жумшап жатабыз. Спорт боюнча өзүнчө комитет же агенттик кылууга мүмкүнчүлүк бар эле, бирок буга чейин болуп келген да. Эми министрликтин деңгээлинде мындан да жыйынтыктуу иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралат деп ойлойм”, — деди министр.

Ошону менен катар ал спорт тармагы боюнча пландар бекитилгенин кошумчалады. Ага ылайык, Бишкек менен Ысык-Көлдө жок болуп жаткан олимпиадалык стандарттагы спорт залдары, машыгуу залдары курулат. Муну президент колдоп, инвесторлорду чакырып жатат. Ар кандай чемпионат, машыгууларга барган спортчулардын каражат маселесин ыкчам түрдө чечип, алдын ала бере турган системага өтүү макулдашылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин спорт тармагынын өкүлдөрү, белгилүү машыктыруучулар Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жоюлуп, Маданият министрлигинин алдындагы департамент болушуна нааразычылыгын билдиришкен. Эгер департаментке айланса 14 штат гана берилерин айтып, тынчсызданган.