Пайдалуу кеңештер

Кымбатчылыкта акчаны кантип үнөмдөө керек. Финансисттин кеңеши

Азыркыдай кымбатчылык учурунда акчаны үнөмдөө үчүн ар кандай арзандатуулардан жана акциялардан оолак болуу керек. Бул тууралуу «Прайм» агенттигине Финансыны башкаруу боюнча жогорку мектептин аналитика бөлүмүнүн башчысы Михаил Коган айтып берди.

Адистин пикиринде, чыгымдар тууралуу күндөлүк ачып, корогон акчаларды жазып турган жакшы.

Ошондой эле Коган кайсы учурда каражатты үнөмдөп калса болорун түшүндүрдү.

«Келерки жылы кайсы бир товарлар, өзгөчө импорттолгондор, кымбаттап кетери айтылууда. Эгер капчыктагы каражат мүмкүндүк берсе аны алып койгон оң. Бирок ошол үчүн карызга бата көрбөңүз. Анткени мындан ары экономикалык абал кандай болорун айтуу кыйын. Ошондой эле ар кандай арзандатууларга азгырылбаңыз. Азыркыдай абалда өндүрүүчүлөр менен сатуучулар деле пайда издеп турган кези. Демек, товарды оголе арзандата коюшпайт. Болгону ар кандай жарнамалар менен кардардын психологиясына таасир этип коюшу мүмкүн», — деди финансист.

Сөзүнүн соңунда ал эң негизгиси адам кайсы товар ага чындап зарыл, кайсыны кийинкиге калтыра турса болорун түшүнүшү керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button