Акындар Элмирбек Иманалиевди эскерет

Үстүбүздөгү жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын эл артисти, айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтө турганын “Айтыш” коомдук фонду билдирди.

Маалыматта Элмирбек акын өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоору Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болору айтылды.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыкка эрте аралашып, төкмө катары да, актер, манасчы, обончу, аткаруучу катары да жылдызы жанган. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.