Узун кезекке турган мигранттар. Кыргызстан Россияга нота жөнөттү

Кыргызстандын элчилиги Москванын миграциялык борборлорунда узун кезекке туруу көйгөйүн чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Россия тарапка кайрылды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.Элчилик узаган жылдын 29-декабрында Россияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон өткөрүү (дактилоскопия) жана сүрөткө тартуу талабы коюлганын эске салды.

“Тилекке каршы, жыл башынан бери жогоруда белгиленген процедуралардан өтүү кыйынчылык жаратууда. Москва шаары жана облусуна келген Кыргызстан жарандары үчүн бардык процедуралар көп функционалдуу миграция борборлорунда өткөрүлүп жатат. Ал жерде узун кезек байкалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүк кырдаалды жөнгө салуу чараларын көрө турганын маалымдады. Элчи Гүлнара-Клара Самат Россиянын администрациясында депутаттар, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолуккан. Аны менен катар консулдук деңгээлдеги жолугушуулар болгон. Ошондой эле элчилик ТИМ жана ИИМге кайрылуу нотасын жөнөткөнү айтылды. Дипөкүлчүлүк Россия тарап кыргызстандыктарга жакшы шарттарды түзүү чараларын кабыл аларына үмүт артат.Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин 26-январдагы маалыматына ылайык, 17 мекемеге барып медициналык кароодон өтүүгө болот. Ошондой эле белгиленген үч айлык мөөнөт документтерди ички иштер органдарына өткөрүп берүү үчүн каралган. Бул ар үч ай сайын текшерүүдөн өтүп туруш керек дегенди түшүндүрбөйт.