Облустук телеканалдар КТРКнын карамагына өтөт. Сунушталган мыйзам долбоор

Облустук телеканалдар Коомдук телерадио берүү корпорациясынын карамагына өтөт. Бул тууралуу КТРКны башкаруу маселелерин жөнгө салуу тууралуу сунушталган мыйзам долбоорунда жазылат.

Учурда КТРКнын түзүмүнө Республикалык радиотелеборбор, Дооронбек Садырбаев атындагы “Кыргызтелефильм” студиясы кирет. Эми ага облустук телеканалдарды дагы кошуу демилгеленди. Бүгүнкү күндө алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине баш иет.Белгилей кетсек, министрлер кабинети КТРКны башкаруу маселелерин жөнгө салуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Анда телеканалдын макамын “улуттук” кылып өзгөртүү, Байкоочу кеңешин жоюп, башкы директорду президент тарабынан дайындоо сунушталууда.