Окуялар

Салыкчылар менен MegaCom кызматкерлерине иш козголуп, бирөө кармалды

Башкы прокуратура аксиздик маркаларды мыйзамсыз түрдө жасоо фактысын аныктады. Бул кылмышка Салык кызматы менен «Альфа Телеком» улуттук операторунун (Megacom) алкоголдук жана табак продукцияларын маркировкалоо тармагында иштеген кызмат адамдары айыпталууда.Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Бишкек жана Чүй облусунун аймагында айрым адамдар тарабынан жогорку сапаттагы заманбап жабдууларды колдонуу менен алкоголдук продукцияларга акциздик маркалар көп санда мыйзамсыз түрдө жасалган.

«ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 469 даана маркалоо коддору (QR код), 8000 сапаты күмөн жараткан алкоголдун акциздик маркасы, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган буюмдар жана каражаттар алынды. K.Ж.Э. кармалып Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды», — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактынын негизинде Салык кызматы менен «Альфа Телекомдун» кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон.Учурда тергөө иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button