Без рубрики

ВИДЕО: Бишкекте милиционерлер кайгуул жана кайгуул-күзөт кызматы багыты боюнча окууну аякташты

2022-жылдын 14-апрелинде ИИМдин Республикалык окуу борборунда кайгуул милициясы багытындагы 2-окуу взводунун жана кайгуул-күзөт кызматы багытынын 1-окуу взводунун 42 талапкеринин  окууну аяктоо салтанаты өткөрүлдү.

Салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында “Жусуп Абдрахманов-Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери” аттуу тегерек столго катышкан кызматкерге, талапкерлерге ыраазычылык кат тар жана ИИМдин Борбордук Аппаратында 2022-жылдын 12-13-апрелинде Самбо күрөшү боюнча биринчилигинде ийгиликке жетишкен кызматкерлерге кубок, дипломдор тапшырылды. Окуу борбордун начальнигинин буйругу менен  окуу мөөнөтү ичинде ийгиликке жетишкен бир топ  талапкерлерге   “Алкыш” жарыяланып,  сыйлыктары тапшырылды.

Жыйынтыгында окуу борбордун начальниги К.Кадыркулов окуусун ийгиликтүү аяктап жаткан талапкерлерди жана  ийгиликке жетишкен кызматкерлерди куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын аягында Республикалык окуу борборун аяктап жаткан кайгуул милиция  багытындагы 2-окуу взводунун жана кайгуул-күзөт кызматы багытынын 1-окуу взводунун талапкерлерине окуу жайды аяктагандыгын тастыктаган күбөлүктөр тапшырылып, андан соң салтанаттуу саптык жүрүш менен аяктады, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button