Камчыбек Ташиев: “Эми “АКСУНГУР” да биздики!”

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу Түркияда иштеп чыгарылган “Аксунгур” аскердик учкучсуз аппараты Кыргыз армиясына алынганын жазды.

“Эми “АКСУНГУР” да биздики!” – деп жарыялады Камчыбек Ташиев. 

Aksungur – түркиялык Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы иштеп чыгарган учкучсуз учуучу аппарат.

АКсунгур –  визуалдык жана радио, чалгындоо, деңиз патрулдары үчүн жана сокку уруучу дрон катары иштелип чыккан.

Жалпы мунөздөмө:

Узундугу — 12,0 м

Канаттарынын узундугу — 24,0 м

Бийиктиги — 3 м

Жүксүз салмагы — 1800 кг

Максималдуу учуу салмагы — 3300 кг

Пайдалуу жүк — 750 кг

Кубаттуулугу — 2 даана TEI PD170 турбовинттик кыймылдаткыч, кубаттуулугу 170 л.с. – 220 л.с. (126 кВт—164 кВт) ар бири.

Учуу мунөздөмөсү:

Крейсердик ылдамдыгы — 250 км/саат

Максималдуу аралык — 6500 км

Учуу убактысы — 40 саат

Учуу бийиктиги — 12 192 м