Кыргызстанда 100 үй-бүлөгө 30 автоунаа туура келет

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн автоунааларынын саны 2017-2021-жылдары кандай өзгөргөнүн жарыялады.

Ага ылайык, 100 түтүнгө канча жеңил унаа туура келери көрсөтүлдү.

Орто эсеп менен алынган статистика төмөндөгүдөй:

2017 жыл — 24 автокөлүк;

2018 — 26;

2019 — 26

2020 — 27;

2021 — 30.

Жакында эле үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанга 25,7 миң жеңил автоунаа алып келинип, акыркы жылдарга салыштырмалуу  рекорд жаратканы белгилүү болгон.