Окуялар

Кара-Балтада батирден 69 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Кара-Балтада батирден 69 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1954-жылы туулган Л.К. аттуу аял кишинин сөөгү табылган. Сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Куткаруу иштерин жүргүзүүгө жерине 3 куткаруучу тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button