Бишкекте кайгуул кызматынын унаасы кырсыкка кабылып, оодарылып кетти

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматтык унаасы жол кырсыгына кабылып, оодарылып кетти. 

Окуя тууралуу кайгуул кызматы маалымат берип, жол кырсык Hyundai унаасынын айдоочусунун жол эреже бузгандыгынан улам болгонун билдирди. Жол кырсыгы Медеров менен Мавлянов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, Hyundai артта келе жаткан кайгуул кызматынын унаасын өткөрбөй, күтүүсүз жерден солго бурулууга аракет кылган. Натыйжада кайгуул кызматкери рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен.

“Жол кырсыгында жаракат алгандар жок. Бул жол кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү иштери башталды”, — деп айтылат маалыматта.