Окуялар

Таласта сууга аккан өспүрүмдү 400дөй адам издөөдө

Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Таңкы  саат 05:00дөн тарта башталган издөөгө президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Нурлис Төрөкулов жана Талас районунун акими Байышбек Астанакунов да чыккан.

Буга чейин ӨКМдин Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Талас райондук бөлүмүнөн, Бакай-Ата райондук бөлүмүнөн, Айтматов райондук бөлүмүнөн, Манас райондук бөлүмүнөн куткаруучулар, жергиликтүү калк, жардамге келгендер издеп жаткан.

Эске салсак, 15 жаштагы бала Талас дарыясына 23-июнда агып кеткенден бери башталып, бирок табылбай жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button