Пайдалуу кеңештер

Эндокринолог жайкы шишиктен арылуунун жолдорун атады

Эндокринолог Зухра Павлова ысык аба ырайында, айрыкча буттардын шишип кетиши көп кездешерин билдирди.

Анын айтымында, мындай шишик көбүнчө кооптуу эмес. Себеби ысыкта кан тамырлар кеңейип, суюктуктун бир бөлүгү ткандарга өтүп кетет.

Дарыгер шишикти азайтуу үчүн төмөнкү кеңештерди берди:

Ар бир саат сайын жок дегенде бир нече мүнөт жөө басуу;

Күн ичинде жетиштүү суу ичүү;

Тузду ашыкча колдонбоо;

Кечкисин буттарды дене деңгээлинен жогору көтөрүп эс алдыруу.

Ошондой эле ал дарыгердин кеңешисиз заара айдоочу дарыларды ичпөөгө чакырды.

Эгер шишик көпкө чейин кетпесе, бир эле бутта пайда болсо же оору, кызаруу же демигүү менен коштолсо, сөзсүз дарыгерге кайрылуу керектигин эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button