Россиянын өкмөтү алмашып, айрым министрлер ордунда калышты

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгу, ички иштер министри Владимир Колокольцев менен өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев орус өкмөтүндөгү мурунку кызматында калышты.

Мурдагы башкы прокурор Юрий Чайкага Түндүк Кавказ федералдык округу боюнча президенттин атайын өкүлү болууну сунуш кылды. Кызмат тууралуу Путин менен Чайка көзмө-көз жолуккан учурда сөз болгон. Песков Чайка мындай сунушту кабыл алган албаганы тууралуу маалымат жок.

Өкмөттүн курамы Орусиянын президенти Владимир Путиндин конституциялык реформа тууралуу сунушунан кийин алмашты. Сегиз жылдан бери өкмөттү жетектеп келе жаткан Дмитрий Медведев Путиндин Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунан соң кызматтан кеткен. Анын ордуна Салык кызматынын башчысы Михаил Мишустин келген.

Президент Путин жаңы өкмөт курамын «ар тараптуу» деп баалап, «өкмөт олуттуу түрдө жаңыланды, ошол эле учурда бизде мурдагы өкмөттө иштегендер да бар» деп билдирди.

Abal.kg