Самара Каримовага күйөрманы ‎Lexus унаасын белек кылды

Белгилүү ырчы Самара Каримовага күйормандарынын бири Лексус маркасындагы унаа  белек кылганын Инстаграм баракчасына жазып, видеосун кошо жүктөдү.

Ал: Абдан кубанычтамын. Менин күйөрмандарым эң мыкты! Чыгармачылыктыколдогон мыкты инсандар көп болсун ылайым!!! Жашоодо жакшы адамдар көп. Бактылуу, үлгүлүү үй-бүлө Бакыт аке Назира эже чоң рахмаат! Жүрөктү кенен коюп, бирөөгө жамандык кылбай , көрө албастык кылбай, артынан жамандабай, гыйбат кылбай өз жолуң менен жүрө берсең Кудайым жолуңду ача берет экен. Кудайыма чексиз шүгүрлөр болсун! Ар бириңиздерди абдан жакшы көрөм жана сыйлаймын! Чындыгында мындай сюрпризди күткөн эмесмин! Аллахым буйруса ийгиликтеримдин башталышы деп билем……. биз басчу жолдор али узак….. амандык болсо баары кезеги менен болуп кете берет. Эми жууп бербесем болбойт»,- деп жазды.

Ырчынын бул билдирүүсүн социалдык баракчада ар кандай кабыл алышты. Айрымдары: “белек берген адамдар башка оорулуу балдарга беришпейби, бул ырчы өзү деле жетиштүү жашайт” дешсе, кээ бири “жетим, ачкасы, кийими жок балдарга жардам берсе соопчулук албайт беле”, “бул жөн гана өзүн пиар кылуу, мактануу” деген ар кандай сын-пикирлерди жазышууда.