Хабиб Нурмагомедов АКШдан Россияга келди

FC уюмунун жеңил салмак категориясындагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов АКШдагы машыгууларын аяктап Россияга кайтты. Мындай маалыматты Хабибдин жана анын командасындагылардын менеджери Ризван Магомедов айтты.

Хабиб АКШда Тони Фергюсон менен болчу беттешке даярданып жаткан эле.

“АКШда эч ким калган жок, бардыгы Россияда”, – дейт Ризван Магомедов.
Нурмагомедов менен Фергюсон UFC 249 беттешинин алдында мушташмак. Алардын беттеши 18-апрелде өтөт.  Азыркы кезге дейре кайда болору так эмес.

Abal.kg