Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг кылып, азыр өлкөдө врачтар арасында коронавирус жуккан учур жок деди.
“Кыргызстанда медиктердин коронавирусун жуктуруу фактылары жок”, – дейт ал.
Акматова брифинг учурунда Семетей мейманканасындагы обсервацияда иштеген доктурлар 14 күндүк карантинге алынганын билдирет.
Ал брифинг учурунда 26-мартта жаңы учур катталбаганын, Кыргызстанда коронавирус илдети 44 кишиге жукканы тастыкталганын айтты.
Abal.kg