Маданият

Коронавирус. Димаш Кудайберген, Басков, Алсу да карантиндеби? (видео)

РСФСРдин эл артисти, атактуу советтик, андан соң  россиялык ырчы Лев Лещенко  менен композитор жана ырчы Игорь Николаев коронавируска шектелип ооруканага жатышкандан кийин Россиянын эстрада жылдыздарынын арасында дароо дүрбөлөң башталды. Анткени алар Лев Лещенко менен да, Игорь Николаев менен да кечеде чогуу болушкан.

14-мартта Москвада атактуу композитор Игорь Крутойдун эжеси Алланын туулган күнү өтүп, ага борбордун бүт эстрада жылдыздары барышкан.

Ал кечеге 11- мартта чет өлкөдөн гастролдон кайтып  келген Лев Лещенко да катышкан. Ошондон соң бир жумадан бир аз өтүп эле Лещенко ноокастап, Москванын Коммунарка кыштагындагы инфекциялык ооруканага жаткырылып, коронавируска чалдыкканы аныкталган. Азыр сакая баштады.

Лещенконун соңунан эле Игорь Крутойдун эжесинин ошол кечесине  барган композитор, ырчы Игорь Николаев дагы пневмония болуп ошол эле ооруканага түшкөн.

Алардын соңунан ал кечеде болгон ырчы Олег  Газманов өзүн-өзү изоляциялап үйдө жатканын жана кечеге кимдер катышканын Россия 1 телеканалынын “60 минут” программасы көрсөтттү . Телеканалдын алып баруучсунун суроосуна Олег Газманов ал кечени “ужас” деп үрөйү уча жооп берди.

Ошол “ужас” кечеде азыркы учурда дүйнөнү дүңгүрөтө баштаган жаш эстрада жылдызы, Казакстандын улуттук сыймыгы болгон Димаш Кудайберген да болгон. Ал кечеден тартылып алынып интернетке чыгып кеткен  видеодо Димаш Кудайбергенден тышкаары да, Николай Басков, Алсу ж. б. толгон эстрада жылдыздары жүргөнүн көрүүгө болот. Баарынын тең көңүлдөрү шаттуу, эч нерсе ойлорунда жок, бейкапар.

Азырынча ал кечеге катышкан жылдыздардын эч кимиси ак деп  да, көк деп да эч нерсе айтышкан жок. Сыягы, көпчүлүгү  Олег Газмановдой болуп өздөрүн өздөрү изоляциялап атышкан окшойт деп түкшүмөлдөөгө болот.

Эмнеси болсо да, эң башкысы, ден соолукта болушсун.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button