Дүйнө

Италиянын бир аймагы коронавирус менен дээрлик ооруган жок. Эмне үчүн?

Бир таң калычтуу статистика адам кубанаарлык кабар алып келди — 106 миңден ашуун эли пандемиядан жабыр тартып жаткан Италиянын Феррара шаары менен анын провинциясында жашаган калк (340 миң киши) коронавирус инфекциясы менен дээрлик ооруган жок.

Аталган территория Эмилия-Романья областына кирет. Бул область инфекцияны жуктуруу жагынан  Италияда экинчи орунда. La Nuova Ferrara келтирген статистика боюнча 4 миллион 500 миңдин тегегегиндеги эл бар Эмилия-Романьяда илдетти жугузгандардын саны  13 531ге жетти (31- мартка  карата — 14 078, же 0,32%), а Феррарада — 307 гана киши (0,09%).

Мындай көрсөткүчтөн кийин, Ферраранын элинде коронавируска каршы иммунитет бар экен деген көз караш пайда болду. А бирок мурда эч качан бул илдет менен оорубаган элде мындай иммунитет каяктан пайда болушу мүмкүн?

Граждандык коргонуу кызматынын комиссары  Серджо Вентури алакан жайгандан башка эч нерсе дей албайт. Бул маалыматтын чын экенин бышыктайт, бирок эмне үчүн мындай экенине жооп табыла элек. «Азырынча буга жооп бере албайбыз, бирок мен баары бир аякта  жашагандар үчүн өтө чоң кубанычтамын”, — деди ал. “Балким, маселе, бул аймак безгектин аймагы болгондуктан, же болбосо талассемия менен байланыштуу болуп жүрбөсүн (укумдан-тукумга өтүүчү рецессивдүү типтеги оору)?” – деген комиссардын жообунан «Российская газета»цитата келтирген.

Оорунун статистикасын иликтеп жаткан Worldometersтин маалыматына караганда 31- мартка карата Италияда дээрлик 106 миң киши  ооруп, 12,4 миңи көз  жумган. Акыркы суткада 800 киши каза тапкан.

Биринчи орунда АКШ — 180 миң бейтап.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button