Пайдалуу кеңештер

Жыттар семиртет экен. Окумуштуулардын айтканы

Окумуштуулар тирүү жандыктардын жыт сезүү туюму менен алардын организминде майдын жыйналышынын ортосунда тыгыз байланыш бар экенин аныкташты. Жыттар тирүү жандыктардын мээсине өзгөчө таасир берет экен. Бул тууралуу РИА ФАН билдирди деп, 28-апрелде Дни.ру маалымдады.

Жумуру курттарды байкоо учурунда, аларга жыт келгенине жараша мээлери майдын жыйналышын камсыздоочу механизмди иштеткен, же токтоткон.   

Адистер ушундай эле жол менен башка да тирүү жандыктардын баарында алардын нейрондору жытка ушундай эле реакция кылат дешет. Бул иликтөөлөр зат алмашуу процесси бузулган адамдарды дарылоого жардам берет, деп билдирди “Мир 24” телеканалы.

Эскерте кетсек, айрым толук адамдар тамакты көп ичпесе деле салмак кошуп атканына нааразы болушат. Көрсө, мурунга жыт келгенде эле мээлер майдын жыйналышын камсыздай берет тура. Кээ бир адамдар тамактын жытына эле тоюп калдым деп айтышат, анын да себеби ушул экен.

Abal.kg 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button