Спорт
Хабибдин атасы комадан чыкты. Макрегор ага колдоо көрсөттү
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап мырза дагы коронавирус жуктуруп алып, илдет өтүшүп кетип комага түшкөндүгү жөнүндө маалымат тараган.
Кечээ жакында ал комадан чыгып, жүрөгүнө операция жасалганы анык болду. Вирустун айынан ал кишинин оорулары дагы козголуп, күчөгөнүн айтышууда.
Хабибдин мындай оор абалында Конор Макрегор колдоп «Атаңдын сакайып кетишин тилеп отурамын. Атаң дүйнө жүзүнүн чемпиондорун тарбиялаган гений» деп кат жолдогон.
Эскерте кетсек Абдулманап Нурмугамедов Россия Федерациясында Эмгеги сиңген машыктыруучу.
Abal.kg