Шайлоо-2020: 41 саясий партия банктарда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөн

БШК 2020-жылдын 14-августуна карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди.

Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 14-августуна карата 41 саясий партия БШК тарабынан белгиленген эки банк мекемеси – “РСК Банк” ААКда жана “Айыл Банк” ААКда атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирет.

Банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берилген. Башка партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептериндеги каражаттардын кыймылы азырынча жок.