Ырчы Айгүл Чалова күйөөсү менен анын азыркы сүйгөнүнө бакыт каалады

Бул тууралуу ырчы өз баракчасына жазып чыкты.

“Буюрса баары жакшы болот. Мага жинденгендер жинденбегиле, менден жакшы сөзүн аябагандарга Аллах раазы болсун, эки дүйнөдө бактылуу болушсун”,- деди ырчы кыз.

Эсиңерге сала кетсек ырчы Айгүл Чалова акыркы убактарда күйөөсү менен араздашып, үй-бүлөөдө болуп жаткан драма туурасында бир нече жолу маалымдаган. Мынабул акыркы постуна караганда, кыязы, ырчы кайрат топтоп, белин бекем бууп, депрессиядан чыгып, жаңы жашоого бет алып калгандай.