Дүйнө

Кытай коронавирустун айынан аскердик абал киргизди

Кытайдын Юньнань провинциясынын (Кытайдын Түштүк-Батышы) бийликтери чекарага жакын жайгашкан сегиз округга (шаарларга) жана 25 уездге (шаарларга) коронавирусту жайылтпаш үчүн аскердик абал (военное положение) киргизишти. Бул тууралуу 15-сентябрда «Казинформ» эларалык маалымат агенттигинин кабарчысы Пекинден билдирди.

COVID-19га каршы күрөшүүчү жумушчу топтун билдирүүсүндө «коронавирустун жайылышына каршы ыкчам түрдө аскердик абалга кирүү» зарылчылыгы айтылган.

Саламаттык сактоо жана гигиена маселелери боюнча жергиликтүү комиететтин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 13-сентябрынан14 –сентябрына чейин, Юньнань провинциясына коңшулаш Мьянмадан (мурдагы Бирма) алынып келинген коронавирустун эки учуру катталган.  

Мьянма менен чектеш жайгашкан Жуйли (Юньнань провинциясы) шаарынын администрациясы  баардык тургундарды COVID-19дун нуклеин кислотасына  тестирлей турганын билдирди.  

Мындан тышкаары, Жуйли шаарынын баардык тургундарына үйлөрүндө карантинде олтуруу, өтө зарылдыксыз шаардын чегинен чыкпоо эскертилген. Ошол эле учурда Жуйли шаарынан 12-сентябрдан кийин чыгып кеткендер, жергиликтүү бийликтерге каякта экенинен кабар берүү жана сөзсүз түрдө коронавирустун нуклеин кислотасына тесттен өтүүгө сунуш берилген.

Жуйлиде 200 миңден ашуун киши жашайт. Шаар  Юньнань провинциясынын  Дэхун-Дай-Цзинпо автономномдуу округунда жайгашкан. Жекшемби күнгө карата,  Юньнань провинциясында  чет өлкөдөн келишкен, COVID-19 диагнозу аныкталган жети бейтап дарыланып жатышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button