ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы.

“Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден соң жанчылганын жатка билем. Денем көгөргөн сайын көңүлүмдө, жүрөгүмдө так калат. Ар бир төпөшүң мени дагы сындырат, дагы чөгөлөтөт. Жакшы көрөм дейм. Жек көрүүм да сага болгон сүйүүмө өрүлөт. Кайсы сезимим күчтүүрөөк чыгып атканын айрымалай албай кыйналам. Неге? Балдарымды бапыратып берип, үстүңө үйрүлүп түшүп, очогуңду булатып, камыңды көргөнүм үчүнбү? Кайсы жазыгымды айыптап, кайсы катам үчүн төпөш жейм? Түк түшүнбөйм. Кетем дейм! Жаныма батканда чамынып чыгам. Кайда барам? Кимге батам. Сенден башка жакыным жок. Суук дүйнө мени кабыл алабы, кучагына кысабы? Жакыным деген сенден ушунча кордук көрөм, а чочун адам чекемди жылытабы? … дедим. Көп жолу дедим. Кетип калам. Байланган иттей кайра келем. Сүйүүңдү көрүш үчүн эмес. Тепкиңди жеш үчүн келем.

Бирок бүгүн бошонгум келди. Жашоону сүйгүм келди. Бүгүн жаңы барак баштайм деп чечтим. Мурункудай кайра эле келет дебе. Мындан ары сүйүү күтпөйм. Сүйүү жаратам! Менде мен гана бар экенимди, мен мени сүйсөм, дүйнөнү бүтүндөй сүйө ала турганымды сездим. Кандай сонун?! Жашоонун кереметин сезбептирмин негедир…бүгүн менин жаңы төрөлүшүм! Көзүм көгала төрөлдүм. Бирок бактылуумун…”.

Кыязы, Назира жаңы фильм жаратып, же анда башкы ролго тартылып, ошонун монологун чыгарган го. Бетиндеги «жаракаттары» грим сыяктуу көрүнүп турат. Эгер ошондой болсо, чыгармачылык ийгилик жылоолосун.

Же эски турмушу эсине түшүп жатабы?.. Антейин десең, ага да коошо бербейт. Кыскасы Назира бир жаңы долбоор даярдап аткан түрү бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button