Эмне үчүн ак түстүү автомобилди сатып алууга болбойт. Эксперттердин тыянагы

Ак түстүү кузову бар автомобилдердин баары тең, модификациясына карабастан, стилдүү жана эфективдүү көрүнөт. Бирок, ошондой артыкчылыктары менен бир катар эле, мындай түстөгү автомобилдердин практика жүзүнө келгенде көптөгөн кемчиликтери бар. Жакында эле dni24.com порталынын эксперттери кузову ак түстүү автомобилдердин кандай кемчиликтери бар экенин санап беришти. Бул тууралуу Рulse.mail.ru маалымат порталы жазып чыкты.

Суук түшө баштаган учурдан тартып, ак түстүү машиналар сырткы презентабелдүүлүгүнөн ажырай башташат. Анткени жолдун ылайы ак түскө чачырап, жабышып ак түстү автомобилди өтө балит көрсөтүп коет. Жуугандан кийин, ак түстүү кузов бир азга чейин эле таза көрүнөт. Бирок, бат эле кайра кирдей баштайт. Ушундай эле абал автомобилдер дайыма учуроочу коррозияга да байланышкан. Көп учурларда коррозия көздөн далдоо жерлерде, деталдардын кошулуштарында жана жамалыштарда баамга түшөт. Башка түстөрдөн айырмаланып, ак түстүү машинада кузовдун коррозияга учураганы көзгө дароо урунуп турат.

Мындан сырткаары, престиждүүлүк жагына келгенде да ак түстүү машиналардын мүчүлүшү көрүнүп калат. Анткени, ак түс, сары түс сыяктуу эле такси менен ассоциация жарат. Ушул сапаты – эл ташый турган машина сыңары кабыл алынышы, анын кайра сатылышына келгенде ээлери үчүн бир кыйла проблемаларды жаратат.

Дагы бир кемчилиги – ак карлуу кышта, ак түстөгү автомобиль кар менен кар болуп байкалбай калгандыктан, жол кырсыктарына да алып келиши толук ыктымал.