Сыймык Жапыкеев Финполдун төрагасы болуп дайындалды

201

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин бул кызматты Бакир Таиров башкарчу.

Сыймык Жапыкеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Чоң-Казат” партиясы менен катышкан. Ага чейин аткаминерлердин коррупциялык иштери тууралуу айтып, митингдерде активдүү катышып элге таанылган. Мурда прокуратура органында иштеген.