Хабиб Нурмагомедов мыктылардын мыктысы болуп алдыңкы сапка чыкты

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун мыкты мушкерлер рейтингинде (салмак даражасына карабастан) эң алдыңкы сапка чыкты. Бул тууралуу “Евроспорт” басылмасы жазды.

25-октябрда Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжини экинчи раундда утуп, UFC чемпиону наамын үчүнчү ирет коргоп калды. Беттештен кийин россиялык мушкер спорттон кетерин жар салган. Ал ММА мушкерлер мелдешинде жалпысынан 29 беттеш өткөрүп, баарын жеңген спопртчу болуп калды.

“Нурмагомедов Гэтжи менен болгон кармашы карьерасында акыркы беттеши экенин айтты. Анын башкы ниеттеринин бири аталган промоушенде салмагына карабай рейтингде биринчи орунга чыгуу болгон. UFC уюмунун президенти Дана Уайт иш-чарадан кийинки маалымат жыйында Хабиб бул орунга татыктуу экенин белгилеп, жаңыланган топ-рейтингде аны тизменин эң башына чыгарган”, — деп жазды “Евроспорт”.
Эске сала кетсек, бул орунду көп жыл бою промоушендин жарым оор салмактагы чемпиону америкалык Жон Жонс ээлеп келген.


Нурмагомедов өзүнүн Instagram баракчасына рейтингдин фонунда турган сүрөтүн коюп, биринчи орунга көтөрүлгөнүнө пикирин билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

It was work of my life, I never got anything easy, and nothing was given to me because I’m nice guy. Hard work, hope for Allah and patience, this three ingredient helps me to get successful, and of course, control and advises from my Father, who invested in me a lot of time and work. – Это была работа всей моей жизни, я ничего не получил легко, и ничего мне не далось просто так. Упорный труд, Надежда на Аллаха и терпение, вот три качества которые мне помогли прийти к успеху и конечно же постоянный контроль и советы Отца, который вложил в меня очень много времени и труда.

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)



“Бул менин бүтүндөй жашоомдогу талыкпас аракетим болду. Мындай ийгиликке жетүү мен үчүн оңойго турган жок. Күжүрмөн эмгек, Жараткандан үмүт кылуу жана сабырдуулук — мына ушул үч сапат бийиктикке чыгуума зор жардам берди. Мындан сырткары, атамдын ар дайымкы көзөмөлү жана кеңеши алга сүрөдү, мен үчүн ал көп аракетин жана убактысын сарптаган”, — деген ал.

Маалымат каражаттарында жазылгандай, Хабиб Нурмагомедов бул рейтингде биринчи жолу алдыңкы сапка чыккан.