ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

71 жаштагы пенсионер чоң эне 17 жашар бозуланга күйөөгө тийди

Жашы өөдөлөп калган эркектердин жаш кыздарга үйлөнүп алганы тууралуу окуялар кадыресе эле көрүнүшкө айланды. Ал эми чоң эне эмес, чоң чоң эненин жаш жигитке турмушка чыкканы сейрек учурай турган окуя. Ушундай бир учур тууралуу Moynikotin.ru жазып чыкты.

АКШнын Теннесси штатынын Севирвиллининде жашаган, күйүттөн мөгдөгөн пенсионер Альмеда Эррелл акыркы жолу, уулу менен коштошкону келгенде бир гана тилеги бар болчу – өз махабатына жолугуу.

Эки жаш: Альмеда менен Гэри.

Экөө таанышканда жаңыдан гана 17ге чыккан (азыр 18 жашта) Гэри Хардвик менен болгон баш айланткан үч жумалык романдан кийин, эки жаш үйлөнүшкөн. Баса, 71 бир жаштагы Альмедага чейин, Гэри Хардвик 77 жаштагы аял менен жолугушуп, махабат лаззатына батып жүргөн. Альмеда менен Гэринин үйлөнүү үлүпөтүнө бар болгону 200 доллар зарпталып, алты күн  гана даярдык көрүлгөн.

Эки жаш: Альмеда менен Гэри

«Мен жаш жигитти издеген эмесмин, Гэри өзү эле пайда болду», — дейт Альмеда. Айым азыркы учурда супермаркетте ассистент болуп иштейт. «Мен дароо түшүндүм, ал мен издеген жападан жалгызым экенин». Азыр аял күйөөсү каза таап, анын аркасынан улуу уулу Роберт 45 жашында инфаркттан көз жумгандан кийинки мезгилдерине караганда өзүн алда канча бактылуу сезет.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button