Маданият

Назира Айтбекова: Алакандай жерди аяйм деп концерт, сыйлыктардан куру калгам

“Маданияттын мыкты кызматкери” деген кагаз берип койсо эмне? Таланттуулар көп, бирок баалай элекпиз көбүн. Мындай пикирин белгилүү теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик иш-чараларды алып барбасаң, чоңдордун тоюнда болбосоң, сыйлык берилбейт экен.

Эмгек сиңирген артисттер менен жанаша түштүм сүрөткө. Балким жугуштуу болуп калабы? Ай, жок дегенде “Маданияттын мыкты кызматкери” деген кагаз берип койсо не? Илгери бир байке “Чоң үй жалдап, массаж жасашалы. Анан мамлекеттик концерттин баары сеники болот” десе, алакандай жерди аяй коём деп концерттин баарынан кур калгам.

Анан Мамлекеттикти алып барбасаң, чоңдордун тоюнда болбосоң, сыйлык берилбейт экен бизде. Алакандай жер биздин өлкөдө далай “маселени” чечет. Үстүңдө үйүң, астыңда унааң дегендей… Бирок ошол алакандай жерде аялдын болгон намысы, “абдыракаты” жатат. Аны чачсаң, жип сөккөндөй баары кетет. Кайра ойлонуп кеттим. Антип соодалашып, абийириңди берип анан сыйлык ж.б., албай эле коёюнчу? Ушул эжелерим өмүрүнүн жарымын чыгармачылыкка арнап, араң жеткен сыйлык дагы далай эмгегим сиңгенде келеттир өзү эле. Таланттуулар көп, бирок баалай элекпиз көбүн“, – деп билдирүү жазды Назира Айтбекова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button