Жасалма мамлекеттик номур тагып жүргөн айдоочу кармалды (ФОТО)

2020- жылдын 27-ноябрда Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 05:20 чамасында Ж. Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен “Mitsubishi Space Star” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлердин авто унаанын керектүү документтерин кыраакы текшерүү учурунда, 2002-жылы туулган Ш. А. аттуу айдоочу авто унаасынын мамлекеттик номуру бар туруп, анын үстүнөн жасалма номурду тагып алгандыгы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.