Новиков мамлекетке караган туристтик объектилердин баары чыгашалуу экенин айтты

Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу, андыктан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке аша турган долбоорлорго басым жасоо керек. Мындай пикирин өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министрдин милдетин аркаруучу Артем Новиков билдирди.

Ал ички туризмди өнүктүрүү зарылдыгына басым жасап, Ысык-Көл облусунан тышкары, кайталангыс жаратылыш, тарыхый жана маданий жайлары бар башка региондор да туристтик жаатты өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков 2021-2023-жылдарга Туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны мындан ары карай өнүктүрүү планы иштелип чыкканын айтты.

Бирок Новиков жылдан-жылга пландар жазылганы менен ишке ашырылбай келгенин айтып нааразы болду.

“Мамлекеттик органдардын башкаруусундагы бардык туристтик объектилер чыгашалуу. Жылына 10 миллион сом киреше алып келген “Витязь” пансионаты да Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген соң чыгашалуу болуп калды. Жеке секторду активдүү ишке тартып, башкалар менен катар тийиштүү механизмдерди жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү керек”, — деди ал.

Жыйынтыгында министрликке 1-февралга чейин туристтик потенциалды, инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттин менчигиндеги объектилерин башкаруу боюнча документтерди даярдоо жана өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырылды.