Президенттик аппарат Примбердиевди наамынан ажыратууга негиз жок экенин билдирди

Жакында эле коомчулукка Ютуб каналындагы көрсөтүүлөрү үчүн ырчы Курал Чокоев элден кечирим сураган эле. Бул көрсөтүүгө катышкан КР эмгек сиңирген артистти Кайрат Примбердиевдин жосунсуз сүйлөгөн сөздөрүнөн улам КР Маданият жана маалымат министрлиги аны наамынан ажыратуу боюнча Президенттик аппаратка сунуш жиберген.
Президенттик аппарат Маданият министри Нуржигит Кадырбековдун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистти Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу боюнча сунушун карап көрүп, негиз жок деп тапты.

Президенттик аппараттын министр Кадырбековго жообунда:

Жазык кодексинин 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан төмөнкүлөр кошумча жаза катары колдонулушу мүмкүн:

Кызмат абалынан же кызматтык абалда берилген мүмкүндүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасаган учурда – атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда – мамлекеттик сыйлыктан ажыратуу.

Жогорудагы жазылгандын негизинде Эмгек сиңирген артист Кайрат Примбердиевди наамдан ажыратууга негиз жок деп табышкан.

Эске салак, ютубдагы чуулу видео-тасмадан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратып, Примбердиев боюнча Президенттик аппаратка сунуш жолдогон.