Пайдалуу кеңештер

Сырткы келбетиңизге нааразы болсоңуз, кантип сулуу болосуз?

Чындыкка коошпогон сулуулук стандартына жооп бербегендикти сезүү менен, жашоо абдан кыйын. Жашоодо жетишкендик маанилүү экендигин билсеңиз дагы, айымдар дайыма сулуу көрүңгүсү келет.

Бирок, сулуу деп эсептелген нерселердин көпчүлүгү өзүңүздү кандай көрсөтө алгандыгыңызга байланыштуу. Андыктан, адистердин төмөнкү кеңешин окуп, аны аткаруу сизге ашыктык кылбайт.

1.Күн сайын стресстен арылып, өзүңүздү жеңил жана жагымдуу сезиш үчүн душка же ваннага түшүңүз. Дене ар дайым жагымдуу жыттанып, тери сулуу жана ден-соолугуңуз чың болушу үчүн күн сайын денеңизди жумшак самын менен жууп туруңуз. Жагымдуу жыттануу дагы маанилүү, ошондуктан, ар бир душтан кийин антиперсперантты жана дезодарантты колдонуңуз.

2.Эртең менен ар дайым бетти жумшартуучу жана нымдаштыруучу каражаттар менен жуунуңуз. Ал эми жатаар алдында да бетиңизди жууп, териңизди безетки жана майдан тазалаңыз. Теринин түрүнө дал келген тазалоочу каражаттарды жана нымдаштыргычтарды тандаңыз.

3.Өлгөн клеткаларды алып салуу үчүн жумасына 1-2 жолу скраб колдонуңуз. Эгер териңиздин түсү күңүрт болсо анда скраб териңиздеги өлүк бөлүкчөлөрдү кетирет. Бетиңизди жууп чекеңизди, жаактарыңызды жана ээктериңизди массаж кыймылы менен сүртүңүз.

4.Тиштериңизди күнүнө эки жолу жууп, жок дегенде бир күндө бир жолу жип менен тазалап туруңуз. Жылмаюу биринчи жолу кезигишүүдө чоң таасир калтырышы мүмкүн. Ошондуктан оозуңуздун гигиенасын таза сактаңыз. Эгер тиштериңиз сары түстө болсо тиш доктурга кайрылып агартуучу паста, же тилкелерди сураңыз.

5.Чачыңызды ар дайым таза жана таралган абалда кармаңыз. Эгер сиз сулуу чачтарды кааласаңыз, анда сиз жүзүңуздүн формасына жана чачтын текстурасына ылайыктуу чач жасалгасын тандаңыз. Андан соң күн сайын эртең менен чач жасалгалоого өтүңүз. Зарылчылыгына жараша, кондиционерди, чач лактарын, туз чачыраткычтарды же стилдөөчү муссту колдонуңуз. Майлуу эмес, чачыңызды оорлотпогон, чачыңыз башаламан болуп көрүнбөгөн, каражаттарды тандаңыз.

6.Тырмагыңызды таза жана тыкан кармаңыз. Колуңузду жууганда же душка түшкөндөн кийин тырмактарыңызды мандаларыңыз же,тырмак щёткаңыз менен тазалаңыз. Тырмактарыңызды бирдей узундукта үзгүлтүксүз кыркып туруңуз жана,аларды чайнабаңыз.

7.Кашыңызга форма бериңиз, жагымдуу көрүнүшү үчүн.
Эгерде сизде эреже бузган каштар болсо, аларды тарап андан соң кашты гель менен тегиздеңиз. Кашыңыз сейрек болсо, боштукту карандаш же порошок менен толтуруңуз.

8.Макияж колдонгон болсоңуз, анда бетиңиздин өзгөчөлүктөрүн жакшырткан өндүрүмдөрдү колдонуңуз. Сулуу болуш үчүн сөзсүз түрдө боёнуунун кажети жок, бирок анча-мынча макияж сиздин бет түзүлүшүңүздү жакшыртып, беттин кемчиликтерин, жакпаган жериңизди жашырат. Контурлоо жана бөлүп көрсөтүү жардамы менен бетиңизди, жаагыңызды, мурунуңузду же ээгиңизди өзгөртө аласыз.

9.Жакшы жарашкан жана дене түзүлүшүңүзгө туура келген тыкан кийим кийиңиз. Сиздин салмагыңыз жана формаңыз кандай болбосун, фигуранын кадыр-баркын баса турган кийимдерди тандоо керек. Ылайыктуу кийимдерди тандаңыз (өтө катуу эмес же кенен эмес) модага карабаңыз, өзүңүздү, келбетиңизди сулуу көрсөткөн, сизге ыңгайлуу гана кийимдерди кийиңиз.

10.Кийген кийимге карата аксессуарлар менен сырткы келбетиңизди толуктаңыз: кооз шуру, билерик, кол баштык сыяктууларды пайдаланыңыз.

11.Өтө майлуу эмес жана пайдалуу азыктар менен тамактаныңыз. Организм өзүнө пайдалуу азыктарды ала албай жатканда, тери солгун тартып, кубарып, көздүн алдында кара шишикчелер пайда болот.

12.Өзүңүздүн турумуңузду туура калыптаңыз. Далыңызды артка алып, башыңызды өйдө сунуңуз. Жакшы поза өзүңүзгө болгон ишенимиңизди арттырып, сизди сулуу кылып көрсөтөт.

13.Күнүнө колдон келишинче көп өлчөмдө суу ичиңиз. Териңизде ным жетиштүү болсо — тери дени сак жана жаңы көрүнөт. Сууга болгон муктаждык жашка, салмакка жана кыймыл аракет деңгээлине жараша болот. Бирок, орто эсеп менен алганда күнүнө болжол менен аялдарга 3-3,5 литр, ал эми эркектерге 3,5-4 литр суу ичүү сунушталат.Эгерде 14 жаштан 18 жашка чейин болсоңуз, ар күн кечинде 8-10саат уктаңыз. Күн сайын бир эле маалда уктоого жана турууга аракет кылыңыз, анткени режим сизге жакшы уктоого жардам берет. Караңгы,тынч жана салкын жерде уктаганга аракет кылыңыз. 6-13 жашка чейинкилерге 9-11саат уктоо, ал эми 18 жаштан жогору болсоңуз, 7-9 саат талап кылынат. Көп уктоо чарчоого алып келип, териңизди күңүрт көрсөтүп, организмдин иштөө режимин бузат. Андыктан өз убагы менен уктоо режимин сактаңыз.

15. Өзүңүздү башкаларга, айрыкча маалымат каражаттарындагы сүрөттөргө салыштырбаңыз. Бул кыйын болушу мүмкүн, бирок сулуу болуш үчүн өзүңүздү телевизор жылдызы же модель сезишиңизге жол бербеңиз. Өзүңүздөн жана башкалардан көргөн сулуулукту баалай билиңиз. Адамдарга жагымдуу болгон нерсеңизге көңүл буруу, өзүңүзгө жаккан нерсени табууну жеңилдетет.

16.Терс ойлорго каршы туруңуз жана аларды конструктивдүү ойлор менен алмаштырыңыз. Сиздин сырткы келбетиңиз боюнча, пикириңиз сиздин өзүңүздү баалоого таасир этсе, анда терс ой жүгүртүүдөн улам болушу мүмкүн. Оң жана обьективдүү ойлорго өтүүгө аракет кылыңыз.

Даярдаган Нурзат Акматалиева

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button