Дүйнө

БУУ: Январда азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы кескин кымбаттады

2021-жылы январда азык-түлүккө болгон баанын индекси 4,3%га жогорулап, 2014-жылдын июль айынан берки рекорддук ченге жетти. Бул тууралуу БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба (ФАО) эксперттери билдиришти.

Уюмдун маалыматы боюнча, өзгөчө дан азыктарынын дүйнөлүк баасы 7,1%га көтөрүлгөн. Кымбаттоого биринчиден жүрөгүнун эл аралык баасынын 11,2%га кымбатташы, экинчиден Кытай тараптын масштабдуу сатып алууларынын фонунда дүйнөлүк сунуштардын кыскарышы, АКШдагы жүрөрүнүн кору жана аны өндүрүүнүн азайышы, андан тышкары Аргентинага жүгөрүнү экспорттоого лицензия берүүнүн убактылуу токтошу таасир этүүдө.

Буудайдын баасы дүйнөлүк керектөөнүн өсүшүнүн жана Россия Федерациясы тарабынан сатуунун кыскарышынын таасирине байланыштуу 6,8%га жогорулаган. Россияда 2020-жылдын март айынан бери буудайды экспорттоого салыктар эки эсе кымбаттаган.

Ошондой эле, дүйнөдөгү импорт сурамынын көбөйүшү, Евразия биримдиги, Россия жана Тайланддагы сунуштардын кыскарышына жана Түштүк Африкадагы кургакчылыкка байланыштуу коркунучтардын фонунда шекерге болгон баа 8,1%га жогорулаган.

ФАОнун маалыматы боюнча, сүт жана эт азыктары 1,6%га чейин өскөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button