Маданият

100 миң сомдук тапичке кийет. Ырчы Анжелика курбусунан карызын доолап, кайрылуу жасады

Ырчы Анжелика андан акча алып, бербей жүргөн курбусуна кайрылуу жасады:

“Достун түрлөрү. Бул аудиодо айтылган достордун баары болуптур жашоомдо. Сториске жазган курбум тууралуу кеп болсун. Анын ким экенин билбей эле коюңуздар. Болжолдоп жазуунун кереги жок.

Акча сапырып жашап көнгөн айым жашоонун сыноосуна кабылып, жардамга каражат сурап, уяты менен бир аздан болсо да кайтарбай, билгениңди кыл дегенсип жашап келе жатат.

Эң жаманы башка курбуларыма мени сыйбаган сөздөр менен ушактап, аркаман бычак сайып, ич күйдүлүгүн 20 жыл достугубузда экинчи жолу көрсөттү. Ак көңүлдүгүм, боорукерлигим үчүн ушуну көрүп отурам. Ким экенин жакындарым баары билет. Өзү баракчасын дароо култап алыптыр. Сүрөттөрүңдү чыгарбайм (архив экөөбүздө тең толтура) , мен сени Аллах үчүн кечирдим!

Бир унаа келчү акчамды такыр бербесен, кайрымдуулука Аллах ыраазычылыгы үчүн берип кой. Бир тапичкен 100 000 сом турат ансыз деле. Алкымыңды кичирейтсең, эки жылда мага деле берип кутулмаксың. Жакшы, үйүмдүн документин кредитке деп сурап келгениңде бере албай калгам, өзүмдүн үч кредитим болгон үчүн. Эми минтип үч кызым менен жатып калганда сен алган акчаңдын 10% бере албайм дейсиң.

Күйөөң бар, кайын-журт, ата-энең мен жалгыз бой энени түшүнсө сага жардамдашат деген үмүттөмүн. Таза болбосо, Аллах мага башка жагынан берет деп ишенем. Балдарың менен аман бол.
Курбум менен жакшы көргөн адамымдын бири-бирине эч кандай тиешеси жок. Таарынычымдын себептери экөөнө эки башка деп айткам”.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button