Коом

Кыргызстан Афганистанга 120 тонна азык-түлүк түрүндө гумжардам жөнөттү

Кыргызстандын Ооганстанга 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам 28-сентябрда жергиликтүү бийликтин кампасына жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бул жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду. Президент 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында Ооганстанга жардам берүүгө чакырык таштаган. Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кече жана дары-дармектер жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button