Коом
Жарандардын саламаттыгы тууралуу санарип маалымат «Түндүк» порталына жайгаштырылды
Бул үчүн жарандар («Түндүккө» катталган жана электрондук кол тамгасы бар) порталдан жеке кабинет аркылуу «Ден соолуктун санарип профили» бөлүмүнө кириши керек. Ал жерде кайсы бейтапканада катталганы, чылым чеккен-чекпегени, майыптыгынын бар-жогу көрсөтүлөт.

Ошондой эле вакцина алганы, ПЦР-анализдери, ооруканада дарыланып чыкканы, лабораториялык анализдери жана камсыздандырылганы тууралуу маалымат жайгаштырылган.
Андагы маалыматтар юридикалык күчкө ээ.



