Ноокатта “Daewoo matiz” автоунаасын айдап качкан жаран кармалды. ФОТО

2022-жылдын 18-январь күнү Ноокат РИИБге Кулатов айыл аймагынын жашоочусу 42 жаштагы жарандан ага таандык болгон “Daewoo matiz” автоунаасы уурдалгандыгы тууралуу арыз түшкөн. Аталган окуя электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү Баткен облусунун тургуну мурда бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы Ж уулу А., аттуу жаран кармалган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү 2022-жылдын 12-январь күнү Ноокат шаарынын борборунда, унаа токтотуучу жайда турган жеринен көк түстөгү “Daewoo matiz”автоунааны айдап кеткен, ошол эле күнү Баткен шаарына айдап барып автоунаанын мотору бузулгандан соң, аны уста канага калтырып, өзүнүн жүргөн жерин жашырып Ош шаарында жүргөн жеринен 2022-жылдын 20-январ күнү кармалган.
Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 211-берененин (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Учурда кылмышка шектүү Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочк жайына киргизилген, — деп айтылат Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалыматта.





