Коом

Башкы прокурордун биринчи орун басары алмашты

Абай Молдокматов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улукбек Султанов дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Сузактагы чуулуу окуядан улам айрым прокурорлорду да иштен алуу сунушталып, жумушчу топ төмөнкүлөрдү ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизген:

Башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов;

Жалал-Абад облусунун прокурору Алмаз Киязов;

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Заирбек Тойчубаев;

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору Бакытбек Сыдыгалиев;

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары Тынчтыкбек Кенжебаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button