Бишкек мэриясы сейил бактарда соода кылуу үчүн орундар ижарага берилерин эскертет

Бишкек шаарынын мэриясы сейил бактарда соода кылуу үчүн орундар ижарага бериле тургандыгын эскертет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, орундар төмөнкү сейил бактарда берилет:
— Ашыралы Боталиев атындагы сейил бак – Манас проспектиси жана Боталиев көчөсүнүн кесилишинде;
— Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бак – Түлөбердиев жана Көкчетай көчөлөрүнүн кесилишинде;
— Жаштар сейил багы — Ала-Арча, Ганди, Күрөңкеев көчөлөрүнүн жана Жибек Жолу проспектиси кесилишкен аймакта;
— Юлиус Фучик атындагы сейил багы —Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде;
— Кайың багы – 6-кичирайону;
— Жаңгак багы– 6-кичирайону;
— Каражыгач токою.
Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинен жогорудагы сейил бактарда төмөнкүлөргө уруксат алууга болот:
- балмуздак, суусундук, жүгөрү, таттуу вата, попкорн, балдар оюнчуктарын сатууга;
- велосипед, самокат, балдар паравозу, балдар үчүн машиналарды ижарага берүүгө;
- кубат өлчөгүч, балдар батуту, балдар аянтчасы, балдар кыдыруучу аттракциондорду орнотууга.
Ижарага берүүгө арыздар 09:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чокморов көчөсү, 246, 24 кабинет.



