Коом

Суусамыр суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө

Суусамыр суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунда Суусамыр суусуна 1980-жылы туулган И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 25 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон эмес. Кеч киргендигине байланыштуу саат 21:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 13-май күнү издөө иштери улантылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button