Коом

Шашылыш билдирүү! Күн ысышынан улам кар көчкү түшчү аймактар

5-апрелден 7-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактар:

Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;

Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;

Казарман — Ак-Тал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусу;

Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу;

Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу.

ӨКМ аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button