Окуялар

Грузиядан Кыргызстанга Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экстрадицияланды

УКМК Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте Грузияда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармап, Кыргызстанга экстрадициялады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Экстрадицияланган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү («Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу») боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, эл аралык издөөгө жарыяланган.

Тергөө маалыматына ылайык, А. уулу Э. 2019-жылы жардамчысы М. Т. А. менен бирге жоюлган криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин атынан Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен тармагын мыйзамсыз көзөмөлдөөгө байланышкан кылмыштуу иштер менен алектенген.

Ошондой эле тергөөнүн маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундардан уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо максатында акча талап кылынганы боюнча арыздар түшкөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button