Пайдалуу кеңештер

Адис: 25 жашка чейин жана 35-50 жаштан кийин туура тамактануунун эрежеси

25 жашка чейин организм биологиялык жактан жетилет, булчуңдар, сөөктөр чоңоёт. Ошондуктан бул куракка жете электе тамактануу тартибин себепсиз эле кескин өзгөртүп жиберген туура эмес, ошол эле учурда кайсы бир азыктардан баш тартып салууга да болбойт.
Көпчүлүгүбүз дал ушул куракта диета кармайм деп тигил же бул азыктарды жебей коёбуз.

Диета — бул жөн эле оюн эмес, тамак-аштын баары биологиялык активдүү заттардын комплекси, – дейт адис.

Дарыгер 25 жаштан өткөн соң адам адегенде салмагына көңүл бурушу керектигин белгилеген. Бул курактан өткөндө киши экономикалык, кесиптик планда калыптанат, түрдүү стресстерге кабылат. Андыктан толуп кетпеш үчүн тамак-ашынын калориясына маани бериши керек.»Өзгөчө, аялдар. Мен алар бул нерсеге эстетикалык көрүнүшү жакшы болушу үчүн эмес, аялдардын төрөт курагынын эң бир күч алып турганына байланыштуу маани бериши керектигин айткым келет», — деген адис 35-40 жаштан кийинкилер жынысына карап рационун өзгөртүүсү керектигин кошумчалады.

«Эркектер жүрөк-кан тамыр системасы жагынан 35тен өтүп картая баштайт. Ошондуктан аларга холестерини көп азыктарды азайтуу сунушталат. Анын ордуна жашылча-жемиш, дан азыктарын, сүт азыктарын көбөйткөн туура. Мырзалар 40 жаштан баштап темири көп азыктарга басым жасашы керек, сабиз, петрушка, көк чөп, көк пияздан көп жегени жакшы. Помидор да «мырзалардын азыгы» деп айтылат», — деген диетолог.

Дарыгер аялдар 35ке чыккандан кийин организмин андагы биологиялык өзгөрүүлөргө даярдашы керек деп эсептейт.

«Аялдарда гормоналдык өзгөрүү жүрүп, сөөгү мурдагыдай кубаттуу болбой калат, остеопороз да пайда болушу мүмкүн. Андыктан алар нак сүт, сүт азыктарын көбөйткөнү туура. Алма, алмурут, алча, кара өрүк, картошка, капустанын бардык түрү бул курактагы айымдар үчүн абдан пайдалуу», — деген нутрициолог.

Ал эми 50 жаштан өткөндөр эт жебеген диета кармабашы керектигин эскертти. Себеби бул куракта эт жебеген адамда темир жетишсиздиги пайда болуп, ал алсыздыкка, иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Ошол эле учурда диетолог холестерини аз этти тандашы керектигин, 50дөн өткөндөр аны кууруганга караганда кайнатып жесе пайдасын көбүрөөк аларын кошумчалаган. Ошондой эле орто жаштагылар үчүн сүт азыктары белок, кальций катары абдан зарыл экенин айткан.

Мындан тышкары, организмге керектүү витаминдерди да ичип туруу зарылдыгын эскерткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button